Шейшембиде Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти туңгуюктан чыгуу үчүн чогуу отуруп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал өкмөттүн жабылышы жана дефолт Америка элин экономикалык хаоско апкелет жана өлкөнүн эл аралык маанисине залакасын тийгизет деп билдирди.
Республикачылар саламаттыкты сактоо тармагынын бирдиктүү системасы тууралуу мыйзамды чыгашалар программасын кабыл алууга алмаштырууну талап кылышууда.
Обама ачык өкмөттү сактап калуу өзүнчө маселе болгонун белгилеп, республикачылардын АКШнын тышкы карызын төлөө күнү жакындап калганын саясий күрөштүн бир куралы катары пайдаланууга аракет кылуусун, опузалап акча талап кылуу менен салыштырды.
Обама бир күн мурун республикачы Жон Байер менен жолугушуп, АКШнын карызынын чегин көтөрүүнү суранган.