Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Түрмөдөгү турмуш тууралуу сүрөт көргөзмөсү болот


Француз сүрөтчүсү Эрик Гурландын “Ичтен көз караш: Кыргызстандын жабык жайларындагы жашоо” деп аталган сүрөт көргөзмөсү Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде 18-октябрда ачылат.

Сүрөтчү буга чейин Кыргызстандагы балдар жана аялдар колониясын, эркектер отурган эки түрмөнү кыдырган. Музейдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Гурландын сүрөттөрүндө жабык жайлардагы жашоо көрсөтүлүп, ал жерде отурган жана иштеген адамдардын мүнөзү, эмоциясы берилген. Көргөзмө 1-октябрга чейин болот.

Эрик Гурлан безери балдар, качкындар лагериндеги жашоо тууралуу сүрөттөрү менен белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG