Жалал-Абад шаарындагы жарылуудан беш киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, жабыркагандардын төртөө кыздар, бирөө эркек. Аларды тез жардам менен ооруканага алып кетишти. Кырсык тууралуу маалымат куткаруучуларга бүгүн эртең мененки саат 10до келип түшкөн. Ушу тапта өрт толугу бойдон өчүрүлүп бүттү. Алдын ала маалымат боюнча, шаардын борбордук базарынын жанындагы "Дастаркон" дүкөнүнүн ичинде гамбургер сатылчу жайда газ баллон жарылды. (RK)