Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Атамбаев көлдөгү окуяларды бандитизм жана терроризм деп атады


Бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгон нааразылык акцияларын бандитизм жана терроризм деп атоого болот. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн иш-чара учурунда журналисттерге айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, Каракол жана Саруудагы митингдерди көмүскө күчтөр уюштуруп, жаштарды колдонуп жатат. Бирок ал күчтөр ким экенин Атамбаев атап айткан жок, муну тартип коргоо органдары териштирип жатканын билдирди. Соңку эки күндөн бери Каракол менен Сарууда 200-300 киши катышкан нааразылык акциялары өтүп, бийлик өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу менен коштолгон. Митингчилердин айтымында, алар Кумтөр алтын кенин улутташтырууну жана митинг учурунда кармалгандарды бошотууну талап кылууда. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG