Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Акыйкатчы камалган митингчилер менен жолукту


Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев УКМКнын тергөө абагына барып Караколдогу митинг учурунда кармалган 17 кишинин ар бири менен жолугуп чыкты. Аманбаевдин “Азаттыкка” айтымында, алар адвокат менен камсыз болгон, тамагы берилип жатат, кармалган жери таза. Митингди таркатуу учурунда жараат алгандарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. 7-октябрда Караколдо Кумтөргө байланыштуу митинг башаламандыкка айлангандыктан тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонулган, 23 киши кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG