Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды


Швециянын илимдер академиясы Мартин Карплүс, Майкл Левит жана Ариэл Уоршелдин “химиялык татаал системалардын көп масштабдуу моделдерин иштеп чыкканын” жогору баалады. Алар өз изилдөөлөрүн 1970-жылдары жүргүзүшкөн. Муну менен бир катар реакцияларды түшүндүрүүгө жана жыйынтыгын алдын алууга жол ачылган.

Карплүс Австрия жана АКШнын, Левит АКШ жана Британиянын, Уоршел АКШ жана Израилдин жараны. Үчөө 1,25 миллион долларга тете сыйлыкты бөлүп алышмакчы.

Ушуну менен так илимдер боюнча быйылкы лауреттардын бардыгы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG