Бул тууралуу парламент жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кабарлады. Анын айтымында, “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү Амангелди Муралиев жана Карыбек Ибраевди чакыртып алуу боюнча кат жөнөтүлдү. Парламент жыйынынын жүрүшүндө бир катар депутаттар аталган өкүлдөр чоң суммадагы айлык алганы менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой жатат деп сындашкан эле.
Канаданын Торонто шаарында жайгашкан “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар. Алардын ичинен компаниянын эң ири делген 33 пайыздык үлүшүнө ээлик кылган Кыргызстан эки мүчө көрсөтсө, калгандары “Центерранын” башка үлүштөрүнө ээлик кылган ишканалардын өкүлдөрү.(BkA)