Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Таласта митинг болот


“Каршылык көрсөтүү кыймылы” бүгүн Таласта өкмөттү кызматтан кетирүү талабы менен митинг өткөрмөкчү. Ошондой эле Талас жергесиндеги алтын кендерин иштетүүгө мораторий жарыялоо талап кылынат. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, митинг Талас шаарынын борбордук аянтында түш ченде башталат, митинг тууралуу алдын ала маалымдама облустук бийликке бир жума мурун берилген. Иш-чарада күч кызматтарын саясатташтырбоо талабы да коюлмакчы.

Облустук администрациянын маалымат кызматы бүгүнкү митинг тууралуу уюштуруучулардан эч кандай маалымат түшпөгөнүн билдирген.

Бүгүнкү митингге кошуларын Казакстан менен чектеш жайгашкан Көк-Сай айлынын айрым тургундары кечээ маалымат жыйынында билдиришип, нааразылык коңшулаш Казакстанга өтүп кеткен 4,6 миң гектар жер үчүн болуп жатканын айтышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG