Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Меңдибаев: Камалган саруулуктардын сегизи бошомой болду


Караколдогу митинг учурунда кармалган 23 кишинин сегизи бошонуп чыкмай болгону тууралуу Бишкектен кабар келгенин ушу тапта Саруу айылында чогулгандар менен жолугушууда айыл башчы Талчын Меңдибаев билдирди. 7-октябрда кармалган 23 митингчинин 17си Бишкекте УКМКнын тергөө абагында жатат. Көбү Саруу айылынын тургундары. Бүгүн "Азаттык" УКМКнын маалымат кызматы менен байланышканда алардын баш коргоо чарасы боюнча маселе кандай чечилгени жана сегиз митингчи бошоноору тууралуу эч маалымат жок экенин айтышты. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG