Эдвард Сноудендин адвокаты Анатолий Кучерена ал бүгүн Москвага келген атасы менен жолугуша алаарын билдирди. АКШнын Чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкерине Орусия убактылуу баш паанек берген. Ал ушул тапта жашыруун жерде баш калкалоодо.
Сноуден америкалык өкмөттүн көзөмөл программасы тууралуу купуя маалыматтарды шардана кылгандан кийин мекенинде ага издөө салынган. Лон Сноуден баласы Орусияда калат деп үмүттөнөөрүн орусиялык телеканалга айтты.