Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

"Ата-Журт": Өкмөт Кумтөр боюнча келишимден чыксын


“Ата-Журт” фракциясы Кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча бардык келишимдерден чыгуу талабын койду. Мындай чечимди фракция жетекчиси Улугбек Кочкоров жалпы жыйында окуп берди. Чечимде өкмөт 2009-жылкы келишимди денонсациялоо боюнча долбоорду бир жума ичинде Жогорку Кеңешке алып чыгуу керектиги, ал аткарылбаса, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт кызматтан кетүүсү талап кылынган.

Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча меморандум экинчи күн катары менен талкууланып жатат. Депутаттардын бир даары Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 67% болууга тийиш деген позицияны карманууда. Парламентке сунушталган меморандумда үлүштөр теңме-тең (50-50) болору көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG