Жети-Өгүздүн Саруу айылында чогулган 50дөй киши тарай элек. Алар бүгүн жаңы дайындалган аким менен жолугушууга келген бойдон турат. Кабарчыбыздын айтымында, Сарууга мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да барды. Ал нааразылык акциясына чыккандардын бийлик менен сүйлөшүүсүнө көмөк көрсөтүп жатканын айтууда. (MK/RK)