Ага Саруу, Дархан жана дагы жети айылдан мүчөлөр шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул тапта Сарууда жүргөн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Кечээ комитеттин мүчөлөрү аким менен жолугушкан.
Бүгүн комитет Сарууда курултай уюштурмакчы. Анда Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу же биргелешкен ишканада Кыргызстандын үлүшүн 70% көбөйтүү талабы коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Караколдогу митингде кармалгандарды коргоо комитетинин төрагасы Акматкарып Чакибашев билдирди. Анын айтымында, курултай тынч болот, эгер милиция күч колдонбосо эл тынч тарайт.
Сарууда 8-октябрда митинг болуп, Каракол-Саруу-Дархан жолдорун тосуу менен коштолгон. (ZKo)