Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Жаштар парламенти көлдөгү окуялар боюнча кайрылуу жасады


Кыргызстандын Жаштар парламенти көлдүн Каракол шаарында жана Саруу айылында нааразылык акцияларын уюштургандарга кайрылуу жолдоду. Анда зомбулук, кызмат адамын барымтага алуу, адам өмүрүнө коркунуч келтирүү аракеттери Конституцияга каршы келээри айтылган. "Жаштар кайсы бир деструктивдүү күчтөрдүн куралына айланып баратышы бизди өкүндүрөт" деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле Жаштар парламенти бийликке да кайрылып, "жагдайды жөнгө салууда карама-каршы туруп, күч колдонуудан башка, тынчтык жолу менен сүйлөшүп чечишүүгө" чакырды. Жаштар парламенти өткөн айда расмий түрдө ишке киришкен. Анын курамында республиканын бардык аймактарынын активдүү лидер жаштары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG