Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында 12-октябрда көл өрөөнүндөгү жети акенин бири Кыдыр акенин 170 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Маданий иш-чаралар өткөрүлүп, театрлаштырылган оюн-зоок, мелдештер жана концерт уюштурулат. Ошондой эле ат чабыш, аламан байге жана башка улуттук спорт оюндары өткөрүлмөкчү. Кыдыр акенин мааракесин өткөрүүгө облбийлик 1 миллион сом бөлгөн. Кечээ, 10-октябрда Каракол шаарынын борбордук ат майданында Кыдыр акенин 170 жылдык мааракесине арналган улуттук ат оюндары өттү. Калган таймаштар эми 12-октябрда Кереге-Таш айылында улантылмакчы. (MK/RK)