Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Оштогу жарылууга шалаакылык себеп болгону аныкталды

Ош шаарында 6-октябрда болгон жарылууга милициянын атайын күзөт кызматында иштегендердин шалаакылыгы себеп болгон деп аныкталды. Аларга карата кылмыш иш козголгонун бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. 6-октябрда аталган кызматтын курал-жарак сакталчу кампасында жарылуу болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, жарылууга темир ширетүү учурунда коопсуздук эрежесинин сакталбай калганы себеп болгон. Кырсыктан жабыркагандар Ош облустук ооруканасынын реанимациясына жаткырылган. (RK)
XS
SM
MD
LG