Мындай кайрылууну бүгүн Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев Башкы прокуратурага жолдоду. Бул кабарды аталган органдын маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаттары Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновго мурда кыскартылган кылмыш ишти жандандырып, кол тийбестигин алуу өтүнүчү келтирилген. Учурда Башкы прокуратуранын кылмыш-процессуалдык жана оперативдүү иштерди көзөмөлдөө башкармалыгы кайрылууну карап жатат.
Буга чейин Рысалиев Баш прокуратурага кайрылып, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын төрт депутаты - Өмүрбек Текебаевдин, Райкан Төлөгөновдун, Туратбек Мадылбековдун жана Болот Шердин депутаттык кол тийбестигин алып салуу өтүнүчүн келтирген.
Рысалиевдин "Азаттыкка" айтымында, аталган төрт депутаттын апрел окуясы учурунда талап-тоноочулукка тиешеси бар экени аныкталды. Бирок "Ата Мекендин" депутаттары бул билдирүүнү негизсиз каралоо катары баалашууда.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Рысалиев талап-тоноочулук боюнча иште 4 депутаттын катышын далилдей албай, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн акыркы аракетти көрүп жатат. (BkA)