Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Прицкер АКШдагы бюджеттик кризис жөнгө салынарына ишенет


Президент Барак Обама менен республикачылардын лидерлеринин АКШнын карызын көбөйтүү боюнча бейшемби күнкү сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Ак үй кездешүү “жакшы” өткөнүн, бирок тараптар келишпестикти жөндөөнүн өзгөчө жолун табышпаганын маалымдады.

АКШнын соода министри Пенни Прицкер айым бүгүн Куала-Лумпурдагы сапары маалында өкмөттөгү финансылык кризисти утурумдук көрүнүш деп атады:

- Менин оюмча, көпчүлүк инвесторлор үчүн азыр чечим кабыл алыш кыйын жана бул убактылуу көрүнүш табигый түрдө жөндөлүп, Кошмо Штаттар алдыга кадам жасайт. Бул көптөгөн түрдүү компаниялар үчүн укмуштуудай узак мөөнөттүү оюн. Мени чет элдик инвестиция үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк сүйүндүрөт.

Конгрессмендер 17-октябрга чейин мамлекеттик карызды убактылуу көбөйтүү боюнча мунасага келиши абзел. Антпесе, непада АКШ дефолтко кабылса, дүйнөлүк финансылык системага тескери таасир этиши этимал. Азыр АКШ өкмөтүнүн карыз лимити 16,7 триллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG