Баш прокуратуранын келтирген сунушу боюнча Соттор кеңеши Кара-Суу райондук сотунун судьясын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Башкы прокуратуранын маалыматында, А.З. аттуу судья ушул жылдын апрель айында жарандык ишти карап жатып, бир тараптан 5000 сом пара алып, кийин 2000 доллар талап кылганын, талаптарын аткарбаса, каршы тараптын кызыкчылыгына чечерин айтып коркуткан.
Соттук иште катышып жаткан тарап Ош облустук прокуратурасына кайрылып, кылмыш иши козголгон. Шаардык жана облустук тиешелүү органдар атайын операция жүргүзүп, судья А.З. 95 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Соттор кеңеши жакында “Ата-Журт” фракциясынын Камчыбек Ташиев баштаган мурдагы үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясын да мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечимин чыгарган. (AKu)