“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, Саруу айылында айыл өкмөт имаратынын алдына бүгүн дагы бир боз үй тигилди. Каршылыгын билдирип жаткандар өкмөттөн камалган тургундарды кайтарып берүүнү талап кылууда жана Кумтөр меморандумуна каршы чыгып жатышат.
Жети-Өгүз районунун бул айылына кечээ эки боз үй тигилген. Аймакта уланып жаткан каршылык акциялары 7-октябрда Каракол шаарында башталган.
Митингчилер Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясынын меморандумуна каршылыгын билдиришкен. Башаламандык менен коштолгон митингден кийин бир нече киши кармалып, ону эки айга камалды. (MK/AKu)