Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Зилзаладан жабыркаган Түптүн тургундары өкмөткө талап койот


Ысык-Көл облусунун Түп районунун жер титирөөдөн жабыркаган тургундары келерки аптада Бишкекке өкмөткө талап койгону келишет. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткандар фракция депутаты Курманбек Дыйканбаев менен кечээ Түптөгү жолугушууда өкмөттөн бөлүнгөн каражатты ала электигин билдиришкен. Алар тогуз айдан бери убаданын аткарылбай жатканына күнөөлүүлөрдү аныктап, жазалоону өкмөттөн талап кылышмакчы.

Депутаттын маалыматында, 42 үй-бүлөгө 200 миң сомдон каралып, бирок ал акчаны толук алышкан эмес. Жер титирөө өткөн жылы декабрда болгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG