Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгы белгиленди


Ишембиде Таластын Кара-Буура районунда акын Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракеси белгиленди. Кара-Буура районун акиминин орун басары Салкын Карбосованын билдиришинче, маараке алкагында Маймак айылында Райкан Шүкүрбековдун эстелиги ачылды, кыргыз жана казак акындары айтышы, ат оюндары уюштурулду. Айтыштын жыйынтыгында төкмө акын Элмирбек Иманалиев баш байгеге ээ болду.

Акын, прозаик, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1913-жылы туулган. Узак жылдар бою ал Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп, эл шайырларын окутуп, аларга куйкумдуу ырларды, санат, термелерди, интермедияларды жазып берип, репертуарын байытып келген.

Маркумдун "Жаркынай" "Айдар", "Жапалак Жатпасов", «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» сыяктуу чыгармалары дале эл оозунда. (BkA)

XS
SM
MD
LG