Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Чек арадагы аткезчилик териштирилип жатат


Кыргыз-тажик чек арасында кармалган 300 000 сомдук аткезчилик жүк боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты.

12-октябрь күнү Баткен чек ара кошуунунун “Достук” чек ара тозоту аймагында Тажикстанды көздөй бараткан “Мерседес” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүү учурунда айдоочу аткезчилик жолу менен 12 тонна күн караманы коңшу өлкөгө алып өтүп жатканы аныкталган.

Айдоочу Кыргызстандын жараны. Текшерүү иштерин Баткен райондук бажы кызматы жүгүзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG