Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Кара-Сууда мэр шайланды


Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн Зарлык Тургунбековду мэрликке шайлашты. Мэр шайлоого 31 депутаттын 30у катышты. Шаар башчысы кызматына жалгыз талапкер болуп катталган Тургунбековго бир каршы добуш берилгенин шайлоого көз салган кабарчыбыз маалымдады.

Зарлык Тургунбеков КСДП фракциясынын өкүлү. Буга чейин мэрлик кызматты Акматжан Рахимов аркалаган.

Кара-Суу шаардык кеңешинде Социал-демократтар, “Өнүгүү”, “Бир бол” жана “Замандаш” партияларынын депутаттары иштейт.

18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо болуп, ага 7 саясий партия катышкан. Добуш берүү жүрүшүндө Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Чатактан 3 адам жабыркаган. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ок атты, бычак сайды делген эки кишини камакка алган. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG