Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Индиядагы диний фестивалда 109 адам набыт болду


Алар 13-октябрда Матхя-Прадеш штатындагы тополоңдо басындыда калышкан. Жекшемби 10 күндүк Наваратра фестивалынын соңку күнү болчу. Ратангарх кыштагындагы храмга таат кылганы бараткан индус зыяратчылар көпүрөөдөн өтүп баратканда, көпүрө миңдеген адамдарды көтөрө албайт деген күбүр-шыбырдан улам тополоңго түшкөн. Арпит Саксена деген зыяратчы Датия шаарында берген интервьюда: “Кээ бирөөлөр мушташа кетти. Бир топ экинчи топко кол салып, тигилер жооп берди. Эл толкуп, башаламандык башталды. Полиция элди тартипке салуу үчүн күч колдонду. Кээ бирөөлөр көпүрө кыйраптыр деп кыйкыра баштаганда, элдин үрөйү учуп, тополоң күчөдү. Кээ бирөөлөр жан сактоо үчүн дарыяга боюн ташташты”- деди

Былтыр да индустардын фестивалы учурунда үч жолу тополоң чыгып, ондогон адамдар тепселип өлгөн. 2008-жылы Мехрангарх сепилиндеги индус храмынын жанындагы башаламандыкта 220дан көп адам тепсендиде калган.

XS
SM
MD
LG