Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Москва: тополоңго тийиштүү кылмыш боюнча 2 шектүү аныкталды


Москванын полициясы жекшемби күнү мигранттарга кастарын тиккендер менен полициянын кагылышуусуна алып келген киши өлтүрүү боюнча Азербайжандын жараны жана Москванын тургуну изделип жаткандыгын билдирди.

Жекшемби күнү Москванын Бирюлева базарына нааразылардын тобу кол салганда, бардыгы болуп 23 киши, анын ичинде сегиз тартип коргоочу жараат алган. Кечээ жашылча-жемиш саткан базардан полиция 1200 чакты мигрантты, анын ичинде 14 кыргыз жаранын кармаган. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кийин кыргыз жарандарынын сегизи бошотулгандыгын бышыктаган. Дагы биринин Орусияда зарыл документтерсиз жүргөнүнө байланыштуу административдик жазага тартуу боюнча соту бүгүн болмок. Бирюлево районунун полиция башчысы Геннадий Каверин бүгүн иштен алынды. Базар азырынча жабык турат.

XS
SM
MD
LG