Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Санкт-Петербургда улутчул жаштардын лидери камалды


Н. Бондарик Петербургда былтыр оппозициянын "Миллиондор маршына" катышкан, 12-июнь, 2012
Н. Бондарик Петербургда былтыр оппозициянын "Миллиондор маршына" катышкан, 12-июнь, 2012
Бүгүн жергиликтүү күч органдары «Орустар партиясы» деген кыймылдын лидери Николай Бондарикти камашты. Аны азыр «Курман айт алдында эки орус жигиттин жаракат алган окуясын атайылап уюштуруп, улуттар ортосунда кастыкты жаратууга аракет кылган» деп айыпташууда.

Курман айт күнү бири бычак жеп, экинчиси тапанчадан ок жеген жигиттер полицияга келип: «Бизге азиялыктар чабуул коюшту», - дешкен. Сурак учурунда алар Бондариктен акча алып, жалган маалымат таратыш үчүн өздөрүн жарадар кылышканын моюнга алышты.

Полициянын ишениминде, Бондарик бул жигиттерди колдонуп, Борбор Азиядан жана Кавказдан барган эмгек мигранттарына каршы маанайды күчөтүүнү каалаган.

XS
SM
MD
LG