Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Кылмышка шектүүнүн атын көчөгө берүү аракети териштирилүүдө


Ош облустук милициясы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн активдүү мүчөсү делген Айбек Нарматовдун аты Кара-Сууда көчөгө берилди деген маалыматты четке какты. Буга чейин маалымат каражаттарында Нарматовдун аты Кара-Суудагы Төлөйкөн айылындагы көчөлөрдүн бирине берилгенин жазып чыккан.

Облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, чындыгында эле Нарматовдун атын көчөгө берүү боюнча арыз аталган айылдын жергиликтүү кеңешине келип түшкөн. Жергиликтүү кеңеш депутаттары бул маселени талкуулап жаткан. Бирок Нарматовдун туугандары тиешелүү токтомду күтпөстөн 14-октябрдан тарта атайын такталарды айыл көчөсүнө илип кирген. Учурда бул такталар алынып, окуяны Кара-Суу райондук прокуратурасы териштирип кирди.

Ош облустук милициясынын маалыматында, Айбек Нарматов Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон. Ал буюртма киши өлтүргүч катары 7 адамдын өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн. 2003-жылы милиция кызматкерлери аны кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп жатып, алган жараатынан каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG