Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Мунай заводду чийки зат менен камсыздоо чечиле элек


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев билдирди. Сариевдин 16-октябрда Бишкекте маалымат жыйында маалымдашынча, чийки затты Орусия жана Казакстандан алып келүү мүмкүнчүлүгү бар.

- Биз Бажы биримдигине мүчө эмеспиз жана Орусия менен күйүүчү май тууралуу келишимге ылайык, бир катар маселелер бар. Келишимге ылайык, жылына Орусиядан 1 миллиард тоннага жакын бажы төлөмү кошулбаган күйүүчү май алынат. Учурда Кыргызстан бул майдын кандайдыр бир көлөмүн чийки зат түрүндө алууну сунуштап жатат,-дейт Сариев.

Министр Москва Кыргызстан берген сунуштарга көнбөсө, өлкөнүн өзүндө мунай өндүрүүнү көбөйтүү жагы караларын кошумчалады.

Кытайлык “Чайна Петрол Компани” ишканасы Кара-Балтадагы мунай заводун 2009-жылдан тарта кура баштаган. Заводду тезирээк бүтүрүп, ишке киргизүү боюнча Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев былтыр жазында Кытайга барганда макулдашкан. Заводду курууга жалпысынан 300 миллион доллардай инвестиция салынган. Бул ишканадан жылына 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болоору айтылган. Учурда мунай завод тесттик режимде иштеп жатат. Азыр чийки зат алып келүү жагы каралууда.(EBM)

XS
SM
MD
LG