Президент Барак Обама АКШда финансылык дефолтту токтоткон жана өкмөттү 16 күндүк жарым жартылай иш режиминен кадыресе жумуш күнүнө өткөргөн мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоорун шаршемби күнү кечинде републикачылар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы жана демократтар көзөмөлдөгөн Сенат бекиткен эле. Береги мыйзам өкмөттү 15-январга чейин каржылоону мүмкүн кылып, мамлекеттик карыздын лимитин 7-февралга чейин көбөйтөт. Ага дейре тараптар тил табышпаса, өкмөт кайра жабылышы ыктымал.
Обаманын билдиришинче:
- Бул жараян кезде биз башкарылма кризис жасоо адатыбызды калтырышыбыз керек деп да айтканмын. Көйгөйлүү маселелердин үстүнөн эмне үчүн иштей албашыбызды, эмнеге партиялар мунаса таппаганына ынана албасыбызды баарыбыз түшүндүк деп ойлойм жана өз ара келишпей жатканда биз Америка элине зыян келтирбесибизге ишендиңиздер деген үмүттөмүн.
Өкмөттүк мекемелер эми бүгүндөн тартып кадыресе иштей баштайт. Эгер парламентарийлер 16, 7 триллион долларлык лимит боюнча мунасага барбаса, өкмөт өз карыздарын төлөгөнгө насыя ала албай калмак.