Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Жээнбеков: Караколдо кармалгандар сабалган


Караколдогу башаламандыкка шектелип кармалган 8 адам сабалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" билдирди. Жээнбеков бейшембиде Караколдогу окуя боюнча УКМКнын тергөө абагында камалган жарандын абалы менен таанышып чыккан. Депутаттын айтымында, тергөө абагындагы жарандардын сегизи кармоо учурунда сабалып, денесинен ар кыл жаракаттарды алганын айтып даттанган:

- Алар 7-октябрда кармоо учурунда шаардын сыртына алып чыгып, башына кап кийгизип ур-токмокко алышканын айтышты. Ким сабаганын так билбей жатышат: милиция кызматкерлериби же УКМК кызматкерлериби белгисиз. Бирок катуу сабалганы азыр да билинип турат-деди Жээнбеков.

Мындан улам мындай көрүнүшкө чара көрүүнү өтүнүп, Равшан Жээнбеков президентке, күч органдарына кайрылганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен болсо “Азаттыкка” депутаттын айткандарын четке кагып, тергөө абагында кармалгандарга эч кандай басым көрсөтүлбөгөнүн билдиришти.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Бул башаламандык боюнча 23 адам кармалып, алардын ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул камалгандарды бошотуу талабы менен Жети-Өгүздүн Саруу айылында нааразылык акцияларын уюштурулуп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG