Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

ӨКМ: өрт кырсыктары көбөйдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл өрт кырсыгынын саны өскөнүн билдирди. Ушул жылдын тогуз айында 2800дөн ашуун өрт кырсыгы катталган, былтыр анын саны 2600дөн аз болчу. Бул жылы кырсыктан каза тапкан 44 адамдын 5и балдар.

Келтирилген чыгым 227 миллион сом деп эсептелген.

Министрликтин берген статистикалык маалыматына ылайык, өрт Чүй облусу жана Бишкекте көп катталган. Бирок былтыркыга салыштырмалуу эң жогорку өсүү Ош облусунда байкалат.

Өлкө боюнча турак-жайларда көбүрөөк өрт чыккан. Адистердин айтымында, өрттүн чыгышына негизги себеп – от, электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин сакталбагандыгы. (AKu)

XS
SM
MD
LG