Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

"Пусси Райоттун" мүчөсү ачкачылыгын улантууда


"Пусси Райот" тобунун мүчөсү Надежда Толоконникова ачкачылык акциясын улантты. Түн ичинде ал абактын ооруканасынан Мордовиядагы колонияга кайтарылган. Омбудсмен Владимир Лукин бул маалыматты бышыктап, анын башка колонияга которулбай жатышын сындады. Толоконникова сентябрдын аягында абактагы шарттарга, администрациянын коркутуп-үркүтүүлөрүнө нааразылык иретинде ачкачылык баштаган. Бирок саламаттыгы начарлаганда ооруканага түшкөн. Жетекчилик дарылангандан кийин аны башка түрмөгө которууга убада берген.

"Пусси Райоттун" мүчөлөрү былтыр августта Москвадагы чиркөөдө Путинге каршы ыр ырдагандыгы үчүн камалган. Алар диний жек көрүүчүлүктүн негизиндеги бейбаштык деген берене боюнча айыпталган.

XS
SM
MD
LG