Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстанда өрт кырсыгы 20% көбөйдү


2013-жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгы 20 пайызга жакын көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

“Жарандар өрт коопсуздугун сактабай жатат. Ошондой эле өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жетишпей турат. 2012-жылы мындай милдетти ӨКМ алдындагы Өрт коопсуздугун көзөмөлдөөчү агенттиктен алып, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча агенттик аркалай баштаган. Биздин агенттикте 250-300 кызматкер өрттү алдын алуу багытында иш алып барышчу. Ал эми экотех инспекцияда 30-40 кызматкер гана иштеп жатат. Албетте мынча киши Кыргызстан боюнча өрттү алдын алуу иштерине жетишсиз”, - дейт Бекилов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ушул жылдын тогуз айында 2824 (орто эсеп менен суткасына 15) өрт кырсыгы катталган. Андан 44 адам каза тапкан, алардын бешөө балдар. Келтирилген материалдык чыгым 227 млн. сомду түзгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG