Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Британияда террорчулукка шектелгендердин бири бошотулду


Британияда полиция бир апта мурда Лондондо антитеррордук операцияда кармалган төрт кишинин бирин бошотту. 29 жаштагы теги пакистандык британ жараны 13-октябрдагы рейдде кармалган эле. Азыр ал айып коюсуз коё берилди.

Калган үчөө абакта кала берип жатат. Теги азербайжандык, түркиялык жана алжирдик 25тен 28 жашка чейинки британ жарандары террордук аракеттерге аралашкан деп шектелүүдө.

Би-Би-Синин кабарлашынча, үчөөнө «куралга байланышкан олуттуу жихадчыл» кол салуу пландары боюнча айыптар коюлууда.

XS
SM
MD
LG