Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Майдандыктар менен вице-спикер жолугушту


Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Султанбекова майдандыктар менен 18-октябрдагы окуя боюнча жолгушту. 20-октябрь күнү болгон жолугушууда элдин талаптарын уккан Султанбекова бул маселе боюнча атайын депутаттык жана өкмөттүк комиссия түзүлөөрүн билдирип, калктуу конуштан кен иштетүүчү компанияга пайдалануу үчүн 87 гектар жер кантип кирип калганын иликтээрин айткан.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Мырза Курмушуев “Азатыкка” билдиргенине карганда, бул маселе боюнча бүгүн жергиликтүү кеңеш атайын кезексиз сессия өткөрөт.

18-октябрда Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы техникаларын кенге алып өтүүгө аракет кылганда райондогу Майдан айылынын тургундары техниканы талкалап, ишкананын кеңсесиндеги буюм-тайымдарды, документтерди жок кылган. Компания экологиялык коопсуздук боюнча жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жаткан. Жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршы чыгышууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG