Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Нетаньяху Иранга кысымды күчөтүүгө үндөдү


Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху эл аралык коомчулукту Иранга кысымды күчөтүүгө үндөдү. Жекшембиде кабинеттин жыйынында премьер Тегеран атомдук программасы боюнча “сөздөрдөн иштерге өтмөйүнчө” санкциялар алынбашы керек деди. Нетаньяхунун айтымында, Иран аскердик атомдук программасын токтотууга тийиш. Ошол эле күнү АКШнын финансы министри Жэк Лью Вашингтон Ирандын конкреттүү кадамдарына бара-бара жооп бериши мүмкүн деп билдирген. Тегеран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтып келатат. Ушул августта президенттик кызматка киришкен Хасан Роухани анын айланасындагы кризисти 6-12 айдын ичинде жөнгө салууга убада берген.

XS
SM
MD
LG