Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Бажы биримдиги боюнча жол картасы толукталууда


Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн апта соңунда өкмөттүн алдындагы Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында аталган уюмдарга кирүү боюнча жол картасы талкууланды. Анда жол картасындагы айрым кемчиликтерден улам аны толуктоо тапшырмасы берилди. Эми бул жол карта Беларустун борбору Минскте ушул аптада өтчү жыйында талкууланат.

Бажы биримдигине азыр Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Былтыр январдан тарта уюмга мүчө үч мамлекет түзгөн жалпы экономикалык мейкиндикте акча, жумушчулар, түрдүү тейлөөлөр жана товарлар эркин алмаша баштаган. Бул өлкөлөр 2015-жылга чейин Европа Биримдиги сыяктуу Евразия экономикалык биримдигин түзүүнү максат кылууда. Кыргызстан бул уюмга 2014-жылдын аягына чейин кошулууну көздөөдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG