Бүгүн Бишкекте Жапония жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын 7-жыйыны башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Жыйынга Жапония, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү катышат. Анда Жапониянын Борбор Азия чөлкөмү менен экономикалык, соода жана маданий кызматташтыгынын маанилүү маселелери талкууланмакчы. Бул жыйын кийинки жылы Бишкекте өтө турган аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына даярдык катары да саналууда.
2004-жылдан бери уюштурулуп келаткан бул форум Кыргызстанда алгач ирет өтүүдө.(BkA)
2004-жылдан бери уюштурулуп келаткан бул форум Кыргызстанда алгач ирет өтүүдө.(BkA)