Орусиянын Екатеринбург, Красноярск жана Санкт-Петербург шаарларына Бишкектен жана Оштон кыргызстандык авиакомпаниялар аткарган аба каттамдардын саны ноябрдан тарта көбөйөт. Бул тууралуу Орусиядагы аба майдандар өздөрүнүн кышкы жадыбалдары аркылуу кабарлашты.
Аты аталган Орусиянын шаарларына жүргүнчүлөрдүн талабы боюнча учурдагы аба каттамдарга кошумча рейстер киргизилди. Кыргызстандын "Скай Бишкек" жана "Эйр Манас" авиакомпаниялары келерки айдан баштап Орусиянын аба каттамдар базарына алгачкы жолу кирет. Екатеринбург, Красноярск жана Санкт-Петербург шаарларына ошондой эле "Авиа Траффик", "Эйр Бишкек" жана "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниялары учат.
"Пулково" эл аралык аба майданы маалымдагандай, "Скай Бишкек" Санкт-Петербургга ишемби күндөрү Оштон каттай баштайт. "Манас" аэропортунан Екатеринбургга "Скай Бишкек" авиакомпаниясы ноябрдан тарта жума күндөрү учат.
"Емельяново" эл аралык аба майданы кабарлагандай, "Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкектен аптасына бир ирет жана Оштон жумасына эки жолу Красноярск шаарына уча баштайт.
Андан сырткары, Тажикстандын "Ист Эйр" авиакомпаниясы Душанбе жана Коргон-Төбө шаарларынан Бишкек аркылуу Красноярскка каттай баштайт. Ошондой эле Куляб жана Коргон-Төбөдөн Бишкек аркылуу Москвага келерки айдан баштап уча баштайт.
Ноябрдан тарта дүйнөдөгү бардык авиакомпаниялар кышкы жадыбалга өтөт. (BAz)