Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Адам баласы парашют менен секиргенине 216 жыл толду


Ирландиядагы "Гугл" компаниясында иштеген кыргызстандык программист Тилек Мамутов парашют менен секирүү учурунда.
Ирландиядагы "Гугл" компаниясында иштеген кыргызстандык программист Тилек Мамутов парашют менен секирүү учурунда.
Мындан туура 216 жыл мурда, 1797-жылы тарыхта адам баласы алгач ирет парашют менен секирген. Анда франциялык аэронавт Андре-Жак Гарнерен Париждеги Монсо сейил багында 400 метр бийиктиктен парашют менен жерге түшкөн болчу.

Гарнерендин секирүүсүн кокустан көрүп калган бир физик ага парашют абада көп термелбеши үчүн чокусунун бир аз тешип коюуну сунуштаган. Ошондон азырга чейин парашюттардын чокусу тешик. Ал эми немис айымы Кетэ Паулюс парашют менен секирген алгачкы аял катары тарыхта калган. Ал өткөн кылымдын башында бүктөлө турган парашютту да ойлоп таап, өзү тиккен.

Бул тарыхый күнгө байланыштуу Британия, Франция, Германия жана башка өлкөлөрдө парашюттардын кароосу өтөт. (BAz)

XS
SM
MD
LG