Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Каду айылында үй жаныбарларынын кутурма илдети аныкталды. 19-октябрда айылдагы бир баш жылкы менен бир торпок кутурмага шектелип өлтүрүлгөн. Кесилген баштары Ноокен райондор аралык диагностикалык борборуна жөнөтүлүп, жандыктар кутурганы аныкталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн билдиришкендей, 21-октбярь күнү жылкынын да, торпоктун да денеси өрттөлүп, ветеринардык эрежелердин негизинде коопсуз жерге көмүлдү. Жандыктар менен байланышта болгон 4 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. (SE)