Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевди бошотуу үчүн анын туугандарынан акча албаганын айтып, муну азыркы бийликтин аны каралоо үчүн чыгарган кезектеги оюну деп баалады. Бүгүн айрым сайттар Батукаевдин бир тууганы Хава Хамидованын маегин чыгарган. Анда Хамидова Азиз Батукаевди бошотуу үчүн Турсунбек Акун 100 миң доллар алганын, айтылган акчаны анын жолдошу Адам Хамидов Акунга өз колу менен бергенин айткан.
Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдиргендей, бул маалыматтын артында Батукаевдин бошоп кетишине тиешеси бар азыркы бийликтин өкүлдөрү турган болушу мүмкүн.
Криминалдык чөйрөнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев ден соолугуна байланыштуу деген себеп менен жазында камактан чыгарылган. Анын абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйө менен июнь айында Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз атаган Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Бирок Бишкек шаардык соту анын арызын канааттандырган эмес. (SE)