Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Ошто санитардык талапка жооп бербеген жайлар жабылды


Санитардык талаптарды сактабаганы үчүн жабылган коомдук тамактануучу жана соода түйүндөрүнүн саны 249 болду. Алардын арасынан ишмердүүлүгү текшерилсин деп, 5 соода түйүнү боюнча прокуратура менен милицияга сунуш берилди.

Бир ай бою шаардагы 754 объектти санитардык эпидемиологиялык абал боюнча түзүлгөн комиссия текшерген. Талапка жооп бербегендерине жазылган айып пул 661 миң сомду түзгөн.

Комиссия ушул жылдын 26-сентябрында түзүлгөн. Ага мэриянын, шаардык милициянын жана шаардык санэпидкөзмөл борборунун адистери кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG