Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Ооганстанда 16 талапкер шайлоодон четтетилди


Ооганстандын шайлоо комиссиясы кийинки жылы болчу президенттик шайлоого талапкерликке арыз берген 16 адамды каттаган жок. Комиссиянын жүйөсүндө, бул талапкерлердин документтерди туура эмес толтурган жана башка шайлоо эрежелерин бузган.

Шайлоодон четтетилген талапкерлердин ичинен төбөсү көрүнгөнү эле мурдагы соода министри Анваруло Хак Ахади. Калгандары болсо өлкөгө анча таанымал эмес адамдар. Кийинки жылы 5-апрелде болчу шайлоодо буга чейин президенттикке талапкер катары 26 адам арыз берген.

Негизги талапкер катары мурда Тышкы иштер министрлигин жетектеген Абдулла Абдулла жана Залман Расул, экс-финансы министри Ашраф Гани, экс-депутат жана көрүнүктүү пуштун диниятчы Абдул Расул Саяф жана учурдагы президент Хамид Карзайдын агасы Каюм Карзай аталууда.

XS
SM
MD
LG