Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

Укук коргоочулар Аскаров иши боюнча президентти сындады


Жогорку Сот тарабынан Азимжан Аскаровдун кыйноо боюнча арызы канааттандырылбаганын Укук коргоочулар кеңеши "президентке жагынуу" деп аташты.

Аталган кеңеш бүгүн тараткан билдирүүсүндө “Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселге барганда Аскаровдун күнөөсүздүгү тууралуу далили жок экенин билдирди. Жогорку Соттун коллегиясы президентке жагынуу үчүн ушундай чечим чыгарды. 2010-жылы 6-апрелде айыпсыз камалган Алмазбек Атамбаев күнөөсүздүктүн маанисин жакшы түшүнүш керек эле. Президент өзү Аскаровго каршы кыйноолор тууралуу маалыматтарды кулагынын сыртынын өткөрдү. Бул – кыйноолор эң жогорку саясий деңгээлде кубатталган өлкөлөрдүн “кара тизмесине” Кыргызстан кирет дегенди билдирет” деп жазылат.

Атамбаев буга чейин Аскаровдун күнөөсү жок деген сөздөр далилсиз болуп жатканын билдирген болчу. Быйыл Бельгия жана Германияга барган иш сапарлары учурунда Аскаровдун ишине кийлигише албастыгын, муну сот гана чечерин айткан.

Аскаровдун адвокаты укук коргоочуну кармоо маалында уруп-согууга туш болгонун билдирип, ага күнөөлүү күч кызматкерлеринин жана эч кандай чара көрбөгөн прокурорлордун жоопкерчилигин кароону өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылган. Бул ишти 16-октябрда соттук коллегия караган, бирок канааттандырылган эмес.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Аскаров өзүн күнөөсүз экенин айтып келет. (AKu\SE)

XS
SM
MD
LG