Бүгүн ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды. Жок болуп бараткан бул жаныбарды коргоого алууга арналган эл аралык форум 22-октябрда башталган.
Иш-чара Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген. Форумда жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланууда. Форум бүгүн жыйынтыкталат.
Эксперттердин эсептөөсү боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстандын аймагын байырлайт. (SE)