Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Кызыл-Суудагы митинг Сарууда уланып жатат


Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында митингге чыккандар нааразылык акциясын Саруу айылында улантып жатышат. Алар 7-октябрдагы митингде камалгандарды бошотуу талабы менен үч күн пикет өткөрүшөөрүн жарыялашты. Эгер талаптары аткарылбаса, акциянын уланта берерин эскертишти.

Бүгүн эртең менен Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш жасап, Кызыл-Суу айылына – райондук администрациянын жанына барышкан. Алардын талабын аким угуп, тийиштүү жетекчиликке жеткирүүгө убада берди.

Акцияда Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгаруу жана 7-октябрдагы митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабы коюлган. Райондун акими Дамир Моңолдоров митингге 800дөн ашуун адам топтолгонун "Азаттыкка" кабарлады. Уюштуруучулар элдин саны миңден ашуун экенин айтууда.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE\MK)

XS
SM
MD
LG