Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Саруудагы митинг токтоду


Митингге чыккан Саруу айылынын тургундары тарап кетти. Алар бийликке 3 күн мөнөт койду, бул аралыкта камакка алынган айылдаштары бошотулбаса, мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгышарын жергиликтүү бийликке эскертишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургуну Сарыбай Курманов билдирди.

Бүгүн эртең менен Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш жасап, Кызыл-Суу айылына – Жети-Өгүз райондук администрациянын жанына барышкан. Алардын талабын аким угуп, тийиштүү жетекчиликке жеткирүүгө убада берди.

Акцияда Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгаруу жана 7-октябрдагы митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабы коюлган. Райондун акими Дамир Моңолдоров митингге 800дөн ашуун адам топтолгонун "Азаттыкка" кабарлады. Уюштуруучулар элдин саны миңден ашуун экенин айтууда.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Саруулуктар камакка алынгандар кыйноого кабылып жатканын билдирип келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG