Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Акыйкатчы Орусиядагы мигранттардын абалына тынчсызданды


Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Орусиядагы мигранттардын абалына тынчсызданган билдирүү таратты. Шаршемби күнү таратылган билдирүүдө акыйкатчы акыркы күндөрү Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык жарандардын укуктарын бузган көрүнүштөр көп катталып жатканын айтып, бийликтерди аларды абалын жеңилдетүү үчүн чара көрүүгө чакырды. Акыйкатчынын пикиринде, чет өлкөдөгү миграттар маселелери менен алектенген Тышкы иштер министрлиги жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатат. Мындан улам Аманбаев президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөткө кайрылып, четтеги жарандардын маселелерине көңүл бурууга жана алардын укугун коргоо боюнча биргеликте чечкиндүү чараларды көрүүгө үндөдү.(BkA)

XS
SM
MD
LG